Шыкмаматов Орусияга иш сапары менен барды

Бүгүн, 23-февралда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Орусияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин айтымында, Шыкмаматов иш сапарында Москвадагы «Кыргызстан» павильонунун иши менен таанышып, «Москва» жармаңке-көргөзмө комплексинин башчысы Омар Муртузалиев менен жолугушкан. Анда алар Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Орусиянын базарларына кеңири чыгаруу маселесин карап, талкуулашкан.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен «Москва» комплексинин ортосунда кызматташуу меморандуму түзүлдү.