«Сиз калкка каршы мыйзамдардын авторусуз». Парламентте эки депутат кайым айтыша кетти

«Маалыматтын жалган жана ишенимсиз экендигин ким аныктайт?» — деп сурады депутат Абдывахап Нурбаев «Жалган жана ишенимсиз маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечисинен. Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева баардыгы жарандардын жалган маалыматтарга карата өз позициясын тастыктаган билдирүүлөрүнө негизделет деп жооп берди.

Депутат Нурбаев мамлекеттик орган маалыматтын жалган же калп экендигин аныктайбы же жокпу тактады. Буга Асылбаева жалган маалыматтар тастыктоочу документтердин негизинде аныкталат деп жооп берди. Далилдөөчү документ жабырлануучу тарабынан берилет, ал эми корутунду министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жасалышы мүмкүн экенин айтты. «Министрлер кабинети калкка ар дайым чындыкты айтып берет деген кепилдик барбы?» — деп сурады Нурбаев. Асылбаева мында маалыматтын чын же жалган экендиги айтуу боюнча маселе мыйзам долбоорунда жок экенин айтты. «Ыйгарым укуктуу органды министрлер кабинети аныктайт деп жатасыз. Долбоорду сиз өзүңүз жаздыңызбы?» — деп сурады Нурбаев. «Сурооңузду туура түзүшүңүз керек», — деп жооп берди Асылбаева. «Мага үйрөтпөңүз, мен каалаган суроону бере алам. Сизден сурайын, ким аныктайт?» — деп кайталады Нурбаев«Өкмөт документтердин чындыгын тастыктаган ыйгарым укуктуу органды аныктайт. Бул сиздин декларацияңызга окшош», — деп жооп берди Асылбаева.

Депутат Нурбаев кесиптештерин мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.

Абдывахап Мамадрасулович, сиз демократиялык негиздер жөнүндө сөз кылганда… Бүткүл дүйнөлүк коомчулук фейктер менен күрөшүп, аларды демократиялык негиздерге шек келтирип жатат деп эсептешет. Сиз өзүңүз демократияга каршысыз”, — деди Асылбаева. «Сиз калкка каршы мыйзамдардын авторусуз. Көчөдө бардыгы сүйлөшүп жатышат, митинг өткөрүп жатышат», — деди Нурбаев. Буга Асылбаева мыйзам долбоорунун четке кагылышынан пайда тапкандар митингге чыгып жатканын айтты.