Жума, 30.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Сизден кем эмес акылдуулар иштеп жатабыз. Жабык эшик артында саясатчыларга маалымат берүүгө даярмын». Ташиев Исаковго жооп берди

12:25 12.02.2022
0
«Сизден кем эмес акылдуулар иштеп жатабыз. Жабык эшик артында саясатчыларга маалымат берүүгө даярмын». Ташиев Исаковго жооп берди

«Сизден кем эмес акылдуулар иштеп жатабыз. Жабык эшик артында саясатчыларга маалымат берүүгө даярмын». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасы аркылуу экс-депутат, экс-министр Исмаил Исаковго жооп берди.

«Исмаил Исаковдун тетири ой жүгүртүүсүнө кыска жооп жазууга мажбур болуп турам.

1. Эсиңизге түйүп алыңыз, эч бир жерди анклавга айлантпайбыз. Такталбаган, өз оюңуздан чыгарылган маселени айтып, элдин бүйүрүн кызытпаңыз. Жерлерибизди анклав кылып коюучу документтерди кабыл алып карап турчу биз эмеспиз.
2. 1924-1927 жылдардагы жана 2021-жылдагы кабыл алынган эки документ тең 39 деген номер менен кабыл алыныптыр, муну атайылап жасаган деп жазыпсыз. Ушунча жылдан бери чоң кызматтарда жүрүп, өбирок ушул жөнокөй нерсени билбегениңиз өтө уят иш, себеби бардык документтер катар номери менен гана кетет, эч ким каалаган номерин коё албайт.
3. 2021-жылдын 1-майында кабыл алынган протокол кабыл алынгандай аткарылса, эки өлкөгө тең ыңгайлуу болот жана башка бардык чек ара тилкелерин толук тактап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
4. Туура айтасыз, союз тарагандагы чек арабызды бир метр кыйшайтпастан сактап калуу милдетибиз жана ошондой болот, буюруса. 1991-1992 жылдары кабыл алынган, катышкан бардык өлкөлөр ратификациядан өткөргөн келишимдерди аткаруу эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына дал келет деп эсептейбиз.
5. Эч качан сиз айткан Исфара — Чоркух — Ак Сай — Ворух жолуна эл аралык статус берилбейт! Бул айтканыңыз Кыргыз элине кылган чыккынчылыгыңыз болот. Төрт-Көчөнү сиз да бергиңиз келип турабы, мен барымда берилбейт! Бир гана Ак-Сай — Ворух жолу протоколго ылайык эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык жолдун статусу аныкталып, андан соң салынат, кандай шарттар коюлуш керек экендигин бул жерде көрсөтө албайм. Коңшулар бизге окшоп мамлекеттик комиссия түзгөн протоколдорду ачык талкуулап, сырын ачып салбайт, ошондуктан мен дагы 39-протоколдун сырын ачпоо керек деп эсептейм. Мени кээ бир нерселерди айттырууга мажбур кылып жатасыздар, бүгүнкү күндө мамлекет бизге ишендиби, демек, биз жоопкербиз. Мамлекеттин тагдыры, чек арасы менен айкалыштырып саясий упай топтоого жол берилбеши керек.
6. Комиссияны жоюуга эч кандай негиз жок, Исмаил Исаков кааласа комиссияга кошуп алалы, иштеп берсин, бирок далилсиз, компетентсиз сөздөрүн таратууну мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн токтотуш керек. Эгер ушунчалык эле күйүп-бышып жатсаңыз, аскер адамы катары сыр сактоону негиз кылып сурасаңыз, баарына жабык иретинде жооп берүүгө даярбыз. Сиздин максатыңыз калп нерселерди коомго жайып, эптеп чек ара маселесин чечүүнү кечеңдетүү. Сизден кем эмес мекенчилдер, кем эмес акылдуулар иштеп жатабыз жана жасаган ишибизге Кыргыз элинин астында жоопкербиз.
7. Жабык эшик артында саясатчыларды, талдоочуларды чакырып, маалымат берүүгө даярмын.
Көп нерселерди ачык-айкын жаза албадым, туура түшүнүп кечиресиздер деп ойлойм», — деп жазылат билдирүүдө.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү