«Кымбатчылыкка байланыштуу пенсиянын базалык бөлүгүн 50 пайызга көтөрүү сунушталат». Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Пенсияга чыгууга жаш курагы көтөрүлбөйт. Каатчылыкка каршы пландын алкагында кымбатчылыкка байланыштуу пенсиянын базалык бөлүгүн 50 пайызга, 4300 сомго чейин көтөрүү сунушталат», — деди Алиев.
Жогорку Кеңештин жыйынында “Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”, “Социалдык фонддун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү” жана “Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды.
18 жаштан кийин откон инвалиддерге 2- 3- группаларга деле кошкулачы акчаны жакшыраак эле
Соц фондтто ар бир жарандын оздук эсеби барда , ал кандай учурда Жана кандай шартта пайдаланылат.