Социалдык фонддун төрагасы кызматтан кетти

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Уланбек Асанбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Анын башка буйругу менен Жаныбек Орозалиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды.