Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы болуп депутат Винера Раимбачаева шайланды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы болуп “Ыйман Нуру” фракциясынан депутат Винера Раимбачаева шайланды. Мындай чечим бүгүн, 25-майда жыйында кабыл алынды.

Анын талапкерлигине 66 эл өкүлү макул, 10 депутат каршы добуш берди. Белгилей кетсек, бүгүн депутат Динара Ашимова социалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгынан кетти.