Социнтерн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бошотулушун сурады

«Социалисттик Интернационал» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бошотулушун сурады. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Луис Аяланын билдирүү-кайрылуусу президенттин мурдагы милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жолдонду.

«Алмазбек Атамбаевдин мурдагы мамлекет башчы жана бүт дүйнөгө таанымал саясий ишмер катары абактан чыгарылышы жана бошотулушу эл аралык коомчулук үчүн жашоо кадимки нукка түшүп бара жатат дегенге позитивдүү жана күчтүү белги болмок», — деп жазылат уюмдун билдирүүсүндө. Ошондой эле аталган уюм Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ичинде элдешүүгө актив боло аларына ынанат.

«Социалисттик Интернационал» — БУУнун алдындагы 135тен ашуун партияны бириктирип турган эл аралык уюм. 1864-жылдан бери бүт дүйнөдөгү бийликчил жана оппозициядагы социал-демократиялык, социалисттик жана эмгек партияларынын башын бириктирип турат. БУУнун учурдагы башчысы Антониу Гуттериш «Социнтернди» 1999-2005-жылдар аралыгында башкарып турган.