«Сөөмөйдү мен тарапка кезебегиле». Саясатчы Исмаил Исаков президенттин басма сөз кызматына жооп кайтарды

Саясатчы Исмаил Исаков президенттин администрациясынын басма сөз кызматына жооп кайтарды. Ал бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди. Буга чейин президенттин басма сөз кызматы «Азаттык» партиясынын лидерине мамлекет башчы Садыр Жапаровдун ысымын атоо менен далилсиз билдирүү жасоодон алыс болууну сунуш кылган. Мындай сунушка Исаковдун ага чейин «экс-депутат Бактыбек Калмаматов сыяктуу бийликти сындай тургандар болсо, анда алар камакка алынарын бийлик көрсөтүп жатат» деген билдирүүсү себеп болгон.

«Биринчиден, Бактыбек Калмаматовду УКМК тараптан учактан алып калуу мыйзамсыз. Себеби аны чек арадан чыгарбоо – бул адамдын кыймыл-аракетин чектөө болуп саналат. Кылмыш процессуалдык кодексинин 108-беренесине жараша адамдын кыймыл-аракетин чектөө, сот аркылуу атайын токтом же чечим менен кабыл алынып, күнөөлүү адамга кайсы кылмыш жасаганы жана коомго кандай коркунуч  туудура тургандыгы көрсөтүлүп, анан кандайдыр бир чектөө кабыл алынат. Ушул эле берененин негизинде, соттун чечими айыпталуучуга же анын адвокатына жана прокурорго берилет. Соттун андай чечими болгон эмес. Экинчиден, УКМКнын тергөөчүлөрү түнкү саат 02:10дон 22-декабрдын саат 17:00гө чейин же 15 саат тынымсыз тергөө ишин жүргүзүшкөн. Сурак тынымсыз 4 сааттан ашык созулушу мүмкүн эмес. Суракка алууну улантууга, эс алууга жана тамак ичүү үчүн кеминде бир саатка тыныгуудан кийин жол берилет, суракка алуунун жалпы узактыгы 8 сааттан ашпоого тийиш. Ага жана анын адвокатына тыныгуу берилген жок, түнкү уктоого мүмкүнчүлүк экөө тең алган жок, тамак берилген жок. Бул биздин мыйзамдарга жана БУУнун Конвенциясына ылайык, адамга карата кыйноо жана катаал мамиле деп таанылат. Үчүнчүдөн, азырынча депутаттыкка талапкер катары Бактыбек Калмаматов кол тийбестикке ээ. Аны кылмыш жасап жаткан учурда кармалгандан башка БШКнын макулдугу жок кармоого мүмкүн эмес», — деген Исмаил Исаков бир катар мыйзамсыз иштер орун алганын айтат.

Мындан улам «Азаттык» партиясынын лидеринин билдирүүсү боюнча, президенттин макулдугу же көрсөтмөсү бар деген гана тыянак чыгаруудан башка сөз айта албайт. «Эгерде президент элге берген антын жана Конституциянын, адамдын жана жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили катары жарандардын укуктарын сактоого аракет кылбаса, үн катпаса, анда катардагы жаран катары эмне деп ойлошубуз керек? Президент чын дили менен мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотууну кааласа, анда “сөөмөйдү“ мен тарапка кезебей, ”сөөмөйдү” башка тарапка кезеп, мыйзамдарды жана Конституциянын нормаларын одоно бузган мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана кызмат адамдарын тез аранын ичинде кызматтан четтетүүнү, мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен кармалган жарандарды боштондукка чыгарууну президентке сунуш кылгыла», — деп жазылат саясатчынын жообунда.