Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдордун үстүнөн арыз түштү

Ага-ини Жээнбековдор, тагыраагы мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен депутат Асылбек Жээнбеков Жогорку Сотко чакырылды. Алардын үстүнөн Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдон арыз түшкөн. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.

Капаровдун айтымында, кечээ күнгө белгиленген соттук териштирүү жоопкер тараптын келбегенине байланыштуу, 12-январга жылдырылды. «Мен 4-октябрь күнү бошоп чыктым. Андан кийин сотко арыз жазгам. Эми күч органдары ишти адилет карайт деп ойлойм», — дейт Абдылда Капаров.

Ош ОИИБнин мурдагы башчысы 2017-жылы кармалып, ага прокуратура «экстремисттик чакырык таштаган, улут аралык кастыкты козуткан» деген негиз менен айып койгон. Капаров ал кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго «Июнь окуясына байланыштуу келген акчаны кымырып алган» деген доомат коюп, кадыр-баркына шек келтирди деп күнөөлөнгөн.

2018-жылы Ош облустук соту Капаровду төрт жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөгө милдеттендирген эле.