Сооронбай Жээнбеков Дубайдагы жолугушуу боюнча: «Баарыбыз аягына чейин отуруп, колдоо сөзүбүздү айттык»

Октябрь окуяларынын жүрүшүндө бийликтен кеткен Сооронбай Жээнбеков экс-президенттердин жолугушуусу боюнча өз пикирин билдирди.

«Кечээ жакында Дубайда өткөн жолугушуубузду Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти катары эл биримдигин бекемдөө максатында уюштурду. Жолугушуунун бир гана максаты — өлкөдөгү ынтымакты чыңдоо, Кыргызстанды күчтүү мамлекет катары өнүктүрүү, калктын жашоосун жакшыртуу экендигин айтты. Ажо коомубузду “баланчанчы, түкүнчөнчү” деп бөлбөйлү деп чакырык таштап жатса, анын бул изги тилегин биз, албетте, колдодук. Жолугуунун катышуучулары баарыбыз тең, толук курамда, аягына чейин отуруп, ар бирибиз колдоо сөздөрүбүздү айттык.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткенден бери мамлекетибизде жакшысы менен кошо жаманы, агы менен карасы жанаша жүрдү. Тарыхыбызда болуп өткөн кайгылуу окуялар ар бир кыргызстандыктын жеке тагдырына таасир эткен. Ошондуктан да бул жолугушуу коомчулук тарабынан ар кыл кабыл алынды. Эмоция менен айтылган ойлор менен катар юридикалык өңүттө да баа берилүүдө. Бул биздин жарандык коомдун күчтүүлүгүн, элибиздин ички эркиндигин дагы бир ирет далилдеди. Президент мына ушул улуттук дараметти жаратмандыкка бурууга туура чакырык таштады», — деди ал.