«Сооронбай Жээнбеков суранган эмес». Жумабеков Текебаевдин сөзүнө комментарий берди

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин маеги боюнча депутат Дастан Жумабеков журналисттерге комментарий берди.

«2019-жылы мен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда Өмүрбек Чиркешовичке эки жолу ооруканага баргам. Спикер катары анын ден соолугун билүү үчүн баргам. Сүйлөшүүлөр болуп, Өмүрбек Чиркешовичтин оюн сураганды туура көрдүм. Экөөбүз сүйлөштүк, мени менен макул болуп, ойлоном деди. Спикер катары мен ага сунуш кылдым, президент [Сооронбай Жээнбеков] муну суранган эмес», — деди Жумабеков.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев «Би-Би-Сиге» маек берип, аны элчилик кызматка ким көндүргөнү тууралуу маалымат берген.