Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу талабы коюлууда

Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, милициянын полковниги Абдылда Капаров Сооронбай Жээнбеков жана Асылбек Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатат. Ал ошондой эле Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну да талап кылууда. Буга байланыштуу Абдылда Капаров тийиштүү арыздарын УКМК менен Башкы прокуратурага жөнөткөн. Ал бир катар окуяларды иликтөө керектигин жазган.

Урунттууларын ала турган болсок, анда Сооронбай Жээнбеков 6-октябрга караган түнү митингчилерге жолугушууга чыкпай, мамлекет башчы катары өзүнүн түз милдеттерин аткарбай, кан төгүүгө жол берген, ушундай эле кадамга Июнь окуясында барып, бир канча күнгө иш ордуна чыкпай, дайыны белгисиз болуп кеткен. Ошондой эле Капаровдун арызында Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовду калкалап, ага чара көргөн эмес, ушул жылдын жай мезгилинде коронавирустун массалык жайылышына байланыштуу жоопкерчилик экс-президентте экендиги жазылат. Буга чейин Капаров ага-ини Жээнбековдордун үстүнөн арыз жазып, Жогорку Сотко кайрылган. Соттук териштирүү 12-январга белгиленген эле.

Ош ОИИБнин мурдагы башчысы 2017-жылы кармалып, ага прокуратура «экстремисттик чакырык таштаган, улут аралык кастыкты козуткан» деген негиз менен айып койгон. Абдылда Капаров ал кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго «Июнь окуясына байланыштуу келген акчаны кымырып алган» деген доомат коюп, кадыр-баркына шек келтирди деп күнөөлөнгөн. 2018-жылы Ош облустук соту Капаровду төрт жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөгө милдеттендирген эле.