Сооронбай Жээнбековдун кайниси 2 айга камакка алынды

Финполдогу башкармалык башчысы, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кайниси, башкача айтканда жубайы Айгүл Токоеванын иниси Айбек Токоев Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 18-мартка чейин камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматындагы башкармалык башчысы болгон Айбек Токоев мыйзамсыз баюуга шектелип УКМК тарабынан кармалган эле. Тергөө маалыматтарына таянсак, 2014-жылдан тартып, башкача айтканда жездеси Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турган кезден тартып, камакка алынганга чейин Айбек Токоев Ош жана Бишкек шаарларынан 15тен ашуун объект алып, жакын туугандарына каттаган. Ал объектилердин арасында 13 кабаттуу көп квартиралуу элитка аталган үйлөрдөн бери бардыгы, мамлекеттик органда айлыкка иштеген адамдын 4 миллион долларлык мүлкү бардыгы коомчулукта дүң жараткан. Анын финполдо башчылык кызматтарда иштеп жүрүп байыган учуру Сооронбай Жээнбековдун губернаторлук, премьерлик жана президенттик кызматта иштеп жаткан маалына туш келет. Бул кылмыш ишинин изи Сооронай Жээнбековдун үй-бүлөсүнө алып барышы толук мүмкүн.