Сооронбай Жээнбековдун «каргашасы» азаптуу июль болобу?

Алмазбек Атамбаевге «каргаша» Бишкек ЖЭБин жаңылоодон жаралган болсо, Сооронбай Жээнбековдун «каргашасы» 2020-жылдагы азаптуу июль айы болобу?

Дал ушундай суроону коомчулук коюп турган кези. Кечээ Акипресс маалымат агенттигине мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы жарыяланды. 2006-жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө өлүм-житим стабилдүү түрдө жылдан-жылга азайып келе жатса, 2020-жылы кескин түрдө 20,6 пайызга өсүп кеткен. Өткөн жылы кыргыз 40 156 жаранынан айрылган. Мурдагы жылдардагы өлүм сандарына салыштырганда 2020-жылы 6800 адамга өлүм көп катталган. «Мындан де-факто коронавирус пандемиясы Кыргызстанга 6800 өмүргө тете болду деп жыйынтык чыгарууга болот» деп жазат басылма.

Учурда пандемия маалындагы тийиштүү органдардын ишин иликтеп жаткан мекемелер аралык комиссиянын жетекчиси, вице-премьер Эльвира Сурабалдиеванын комментарийи дагы ойго салат. «Канчалаган миллиондор донорлордон келгенин, медицина кызматкерлери элементардык коргоочу кийимдердин жетишсиздигинен вируска кабылып, эл боо түшуп өлүп жатканда канчалаган миллиондор тийиштүү даректерге жетпей айланып өткөнүн билсеңер эле…»,- деп суроо салууда, вице-премьер.

Өткөн жылы COVID-19 жараткан пандемия маалында вирустук пневмониядан каза тапкандардын саны кескин өсүп кеткенде Сооронбай Жээнбеков башында турган өлкө жетекчилиги цифраларга өзгөртүү киргизип, вирустан каза тапкандардын статистикасын кескин азайтышкан. Бирок андан картина өзгөрүп кеткен жок. Элдин кыжырдануусу, нааразычылыгы күчөп отуруп, 5-октябрдагы элдик толкундоолорго, Сооронбай Жээнбековдун бийликтен куулушуна алып келди. Мына ошондон улам Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамында, кол тийбестик коргоосунда, мамлекеттин эсебинен каржыланышына карата нааразычылык күчөп баратат. Учурда өлкө башына келген Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевден бул маселе боюнча адилеттүүлүктү талап кылгандар көбөйүүдө. Анткени Сооронбай Жээнбеков бир нече ирет «ковид боюнча абал жеке менин жана Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө турат» деп айтып келген.