Сооронбай Жээнбековдун Матраимовдор менен байланышы бар экенинин дагы бир далили жарыяланды

Сооронбай Жээнбековдун Матраимовдор менен байланышынын жана президенттик кызматта туруп парламенттик шайлоого тикелей аралашканынын дагы бир далили жарыяланды. Бул тууралуу билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Бек Борбиев социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Анда ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов анын жакын досу экенин баса белгилеп, аны курултайдан бери көрө электигин кошумчалап, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоо алдындагы талапкерлер тизмесине кандайча кирбей калгандыгын баяндаган.

«Съездден кийин олтуруп сүйлөштүк. Мен алдыңкы 30 талапкердин ичинде болчумун. Негедир ошол күнү чийилип кеттим. «Эмнеге?» деген суроомо, ал «Номур биринчи адам (ред. ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков) ошондой чечим кылды» деди. Мен ага эмне кылыптырмын деп күлдүм, сени «неуправляемый» деген таризде алып салды деп түшүндүрдү. «Анда эмнеге тиги 20, 30 жылдан бери элди жеп келаткандарды кошуп алдың» дедим, анткени мурда тизмеде жок эле адамдарды ошол жерден көрдүм, болгондо да алар алдыңкы тизмеде болуп калыптыр. Аларды дагы Сооронбай Жээнбеков күчкө салып бизге кошуп салды деди.

Жакындан кабарым жок, бирок угушума караганда мамлекетке акча төгүү үчүн мал жандыктарга чейин саттырыптыр. Негизи акча колдун кири, ден соолук болсун. Өзүңдү кара досум, бул күндөр да өтөт”, — деп жазган Бек Борбиев.