Сооронбай Жээнбеков Атамбаевди жашыруун аңдыганбы? Видео

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен 6-октябрга караган түнү Атамбаев менен анын адвокатынын сүйлөшүүсү жашыруун жаздырылган диск табылган. Бул тууралуу мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев жарыялап чыкты.

Жоошевдин айтымында, эки күн мурда ысымын жашыруун калтыргысы келген адам 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен таап алган дискти өткөрүп берген. Дискте «АША — Слесарев — 42 минута» деген жазуу болгон. Жашыруун камера менен тартылган ал видеодо Атамбаев жана анын жактоочусу Сергей Слесаревдин 42 мүнөткө созулган СИЗОдогу жолугушуусу  тартылган.

Буга байланыштуу юристтер эртең, 18-ноябрда Башкы прокуратурага кайрылышат. Мыйзамга ылайык, айыпталуучу жактоочусу менен тыңдоого алынбаган шартта көзмө-көз жолугууга укуктуу. Мындайча  айтканда адвокат менен анын кардарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн купуялыгы мыйзам тарабынан корголгон. Ал эми купуялуулуктун бузулушу одоно мыйзам бузуу болуп эсептелет.