Сооронкулова президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча сотко кайрылат

Президенттикке талапкер болгон Клара Сооронкулова 10-январда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган соң Бишкектин административдик сотуна даттанганы жатат. Ал “шайлоонун жыйынтыгын укуктук негизде талашабыз, аны моралдык жактан тааныдык, бирок укуктук жактан мыйзам көп бузулду” дейт.

Сооронкулованын айтымында, БШК Садыр Жапаровго карата Жогорку Сот чыгарган актоо өкүмүнүн укуктук жагын текшериши керек. “Анын соттуулугу жоюлганына ынанбай туруп, БШК Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттабашы керек эле”, — дейт Конституциялык соттун мурдагы судьясы.