Сот БШКга Талант Мамытов боюнча жазылган арызын кайтарды

Жогорку Сот Талант Мамытовду “Ынтымак” партиясынын талапкерлеринин тизмесинде калыбына келтирүү боюнча БШКнын арызын кайтарды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

«Кассациялык даттанууга даттанууну берген адам тарабынан кол коюлат. Өкүл тарабынан берилген кассациялык даттанууга ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин колу ошол юридикалык адамдын мөөрү менен ырасталат. Иштин материалдарына караганда, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кассациялык даттануусу 12-февралдагы ишеним каттын негизинде өкүл Кутбердиева тарабынан кол коюлган. Бирок кассациялык даттанууга талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлбөгөн ишеним кат тиркелгендиктен, анын ишенимдүүлүгүн аныктоо мүмкүн эмес жана ал өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу далил катары кабыл алынууга жатпайт», — деп айтылат маалыматта.

Аталган Кодекстин 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эгерде даттануу ушул Кодекстин 249-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен берилсе кассациялык даттануу кассациялык инстанциядагы сот тарабынан даттанууну берген адамга кайтарып берилет.