Сот депутат Өмүрбек Бакировдун добушун жокко чыгарды

Сот депутат Өмүрбек Бакировдун добушун жокко чыгарды. Эми ал мандатынан кол жууп калышы ыктымал.

Бишкектин административдик соту Өмүрбек Бакиров жеңүүчү болгон Көк-Жар округунун шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарды. Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу токтом 2021-жылдын декабрь айында чыккан болчу. 2022-жылдын аягында Өмүрбек Бакировдун атаандашы болгон Равшан Рыспаев сотко шайлоодон утуп чыккан талапкерди мандатынан ажыратуу арызы менен кайрылган. Ошондон бери соттук териштирүүлөр жүрүп, 7-июнда сот жогорудагыдай чечим кабыл алды.