Сот Клара Сооронкулованын арызын канааттандырган жок

Бүгүн, 23-январда, Бишкектин Административдик соту Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, президенттикке талапкерлердин бири Клара Сооронкулованын арызын канааттандыруудан баш тартты.

Сооронкулова Бишкек Административдик сотуна Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн арыз менен кайрылган болчу. Анда Клара айым Борбордук шайлоо комиссиясынын “10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун натыйжасын аныктоо жөнүндө» токтомун мыйзамсыз деп табууну суранган. Соттун терс чечимин алган Сооронкулова Жогорку Сотко кайрыла турганын айтты.
Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо 17 талапкер катышып, Садыр Жапаров 79,2 пайыз добуш менен жеңишке жеткен.