Сот Матраимовдордун ЖМКларга тыюу салуу тууралуу өтүнүчүн четке какты

Бишкектин Свердлов райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын туугандарынын журналисттерге алар тууралуу мурда жазылган маалыматтарды сотко байланыштуу кайра жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Бирок Матримовдордун жактоочулары доогерлер сотун чечимине макул эместигин билдиришип, эми Бишкек шаардык сотуна жеке арыз менен кайрылышканын журналисттерге кабарлашты.

Белгилей кетсек, Матраимовдордун доо арызы боюнча негизги ишти Бишкектин Свердлов райондук соту кароодо. Буга чейинки сот отуруму Раимбек Матраимов жана анын жубайы Уулкан Тургунова “Аманда” деп, аты-жөнүн алмаштырганы үчүн тиешелүү документтер талап кылынгандыктан  соттун ишти кароосу 3-февралга которулган эле.