Сотто акталган Токмоктун мурдагы мэри жаңы кызматка дайындалды

Соттон акталган Токмок шаарынын мурунку мэри Урмат Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.

2023-жылы апрелде УКМК «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп Самаевди кармап, ишканада болгон мыйзамсыз иштерден мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген. Жогорку Сот маалымат таратып, анын акталганын билдирген.