Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына президенттин квотасы менен жаңы төрага келди

Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын башчысы алмашканы маалым болду. Кечээ, 28-декабрда комиссия жыйынга чогулуп, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов көрсөткөн Маратбек Осмонкулов бир добуштан комиссияга мүчө да болуп алынып, анын жетекчиси да болууга жетишкен. Анын буга чейинки төрагасы Замирбек Базарбеков президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнө башчы болуп дайындалганы маалым.

Маратбек Осмонкулов Жогорку Соттун аппаратынын башчысы болуп, ага чейин Токмок шаардык, Биринчи Май жана Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотунда иштеген. 2003-2010-жылдары Жогорку Соттун судьясы, 2010-2012-жылдары Жогорку Соттун башчысынын орун басары болуп турган.

Тартип комиссиясынын курамы тогуз мүчөдөн турат. Президент, парламент жана Соттор кеңеши ар бири үчтөн квотага ээ.