Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы түзүлдү. Ага кимдер кирген?

Бүгүн, 1-апрелде Сотторду тандоо кеңеши өз ишин баштап, кеңештин жаңы курамынын биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, отурумда Шералы Камчыбеков Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы, Лунара Жолдошева төраганын орун басары болуп шайланды.

Кеңештин төрагасы жана анын орун басары бир жылга ачык добуш берүү менен шайланат.

Ошондой эле кеңеш Судьялар кеңеши тарабынан шайланган соттордон, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, парламенттик көпчүлүк жана Жогорку Кеңештин парламенттик оппозициясы тарабынан шайланат жана 9 мүчөдөн турат.

Ага ылайык, сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы төмөнкүдөй:

  1. Арзыбаев Алмазбек Субаналиевич
  2. Барыктабасова Элмира Бектургановна
  3. Динеев Мирад Сагынбекович
  4. Дүйшөналиев Болоткан Жекшенович
  5. Жолдошева Лунара Чаткалбековна
  6. Камчыбеков Шерали Равшанбекович
  7. Качкыналиева Динара Шахтербековна
  8. Сатылганов Бакытбек Ыдырысович
  9. Сулайманов Жолдошбек Атакеевич