«Соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөткөндү токтоткула!» Президент Башкы прокуратура, УКМК, ИИМге кайрылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайына катышууда. Ал өз сөзүндө Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМге кайрылды.

«Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кайрылам: соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өзүңөргө керектүү иштерди өткөрүү практикаңарды токтоткула! Бул менин сиздерге катуу эскертүүм болсун! Ар ким өз иши менен гана алек болуш керек. Эгерде силер кызматтык милдеттериңерди укук ченемдерин сактоо менен так аткарсаңар, судьяларга кысым көрсөтүүнүн кажети жок болуп калат. Анткени мыйзам бардыгы үчүн бирдей. Сотторго кысым көрсөткөндүн ордуна, алардын ишине болгон кийлигишүүлөргө ар тараптан бөгөт коюп, андай көрүнүштөрдү түп тамырынан бери жоюп, басым-кысым фактылары боюнча ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартсаңар, ошондо сиздер мыйзамдуулуктун сакталышына жана Кыргызстандын чыныгы укуктук мамлекет катары чыңдалышына зор салымыңарды кошкон болосуңар», — деди өлкө башчысы.