Соттордун жана прокурорлордун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Убактылуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин “Мекенчил” депутаттык тобу демилгелеген. Ага ылайык, комиссиянын курамына депутаттар Фархат Исмаилов, Жусупбек Коргонбай уулу, Султанбай Айжигитов, Арсланбек Малиев, Бакыт Тентишев, Марат Мураталиев, Эмил Токтошев, Нилуфар Алимжанова кирди.