Соттун чечими чыкты. Райымбек Матраимовго 260 миң сом айып пул салынды

Бүгүн, 11-февралда Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыгарды. Анда сот Матримовго жаза чарасы катары 260 миң сомдук айып пул салды.

Ошондой сот Матраимовдун мүлкүн жана банк эсептерин кайтарып берүү боюнча чечим чыгарды. Аны менен катар ага коюлган өлкөдөн чыгып кетпөө боюнча бөгөт чарасы алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган. Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген.