Союзбек Надырбеков маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Надырбеков Союзбек Надырбекович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Союзбек Надырбеков Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары болуп иштеп келген.