Спикер Адахан Мадумаровго кайсы айыптар тагылганын окуп берди

Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш бергени маалым болду. Мадумаров жыйында сөз сүйлөп, эмне маселе боюнча экен билсе болот бекенин сурады. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев: «Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду Кылмыш-Жаза кодексинин 36-беренесинде, 278-беренесинин 1-бөлүмүндө жана 326-беренесиндеги кылмыштарды жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук берүүңүздөрдү өтүнөм. Экинчиси, Кылмыш-Жаза кодексинин 338-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук берүүңүздөрдү өтүнөм» деп башкы прокурор Курманкул Зулушевден келди», — деди.

36-берене. Кылмышка даярдык көрүү

Адамдын атайылап кылмыш жасаганга каражаттарды же куралдарды издөөсү же ылайыкташтыруусу, кошо катышуучуларды издөөсү, кылмыш жасоого бүтүмү же болбосо кылмыш жасоо үчүн шарттарды атайылап түзүүсү, эгерде ошол эле учурда анын эркинен көз карандысыз себептер боюнча кылмыш аягына чейин чыгарылбаса, кылмышка даярдык көрүү деп таанылат.
Кылмыш-жаза жоопкерчилиги оор же өзгөчө оор кылмыштарга даярдык көргөндүк үчүн гана келип чыгат.
Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги ушул беренеге таянуу менен, аяктаган кылмыш сыяктуу эле, ушул Кодекстин ошол эле беренеси боюнча колдонулат.

278-берене. Массалык баш аламандыктар

1. Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу, —

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган массалык баш аламандыктарга катышуу, —

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар, —

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

326-берене. Бийликти күч менен басып алуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармал туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер, —

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

338-берене. Бийликтен аша чабуу

1. Кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы же макулдугу менен анын ыйгарым укуктарынын чектеринен чыккан (ушул Кодекстин 137-беренесинде каралган кыйноолордон башка) же өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу болбогон зомбулукту колдонуу менен, же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бириккен аракеттерди жасоо, —

3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) куралды же атайын каражаттарды колдонуу менен;

2) дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен;

3) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн;

4) оор залал келтирүү менен, —

5000ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, —

10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.