Спикер: «Жогорку Кеңеш Викрам Рузахунов боюнча окуянын акыйкат чечилишин көзөмөлдөп турат»

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз музыканты Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы боюнча кайрылуу таратты.

«Мекендешибиз, музыкант Викрам Рузахуновго коңшу өлкөдөгү башаламандыкка байланыштуу, олуттуу айыптар тагылып жаткандыгы баарыбызды бушайман кылууда. Өнөр адамы, таланттуу мекендешибизге байланышкан айыптоо иши тыкыр иликтөөнү талап кылат. Биздин тиешелүү органдар аталган маселени коңшу өлкөнүн компетенттүү органдары менен бирге изилдеп, адилет чечим чыгарат деген ишеничтемин. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган окуяга көз салып, акыйкат чечилишин көзөмөлдөп турабыз. Биз эзелтен эриш-аркак жашаган, канатташ казак эли менен бир туугандык, достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдарбыз жана алакаларыбызга көлөкө түшүрчү көрүнүштөргө бирге каршы турабыз», — деди спикер.