Спикер Мамытов: «Түрк инвестициялык фондунун штаб-кеңсесин Бишкекте жайгаштырууга даярбыз»

Бүгүн, 24-июнда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык отуруму өтүүдө.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун төрагалыгы менен өтүп жаткан иш-чарага Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Сенатынын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Милли Генгешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев, Венгриянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак катышууда.

Жыйында сөз сүйлөгөн Талант Мамытов Жогорку Кеӊеш Түрк дүйнөсү үчүн өзгөчө маанилүү болгон маселелер боюнча кызматташтыкты улантарын белгиледи. Муну менен катар Чыгыш-Батыш – Түндүк-Түштүк соода багыттарын бириктирген, аймактык жана ааламдык экономикалык туруктуулукка көмөк көрсөтүүчү “Түрк дүйнөсүнүн көрүүсү – 2040” аталган концептуалдык документи тууралуу сөз кылган Талант Мамытов бул жааттагы алаканы мындан ары да арттыруу зарылчылыгына токтолду. Даярдалып жаткан Түрк инвестициялык фонду экономикалык байланыштар үчүн натыйжалуу курал болуп каларын белгилеп: «Кыргызстанда Түрк мамлекеттеринин эл аралык кеңселеринин, уюмдарынын жоктугун эске алуу менен аталган финансылык мекеменин штаб-квартирасын Бишкек шаарында жайгаштырууга даярбыз», — деди ал.