Спикер Нурланбек Шакиев: «Баяндамачылар трибунадан жооп бергенди үйрөнгүлө»

Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү боюнча мыйзам долбоору боюнча маалымат берди.

Баяндамадан кийин ал депутаттардын суроолоруна жооп берүү үчүн орун алгысы келген, бирок төрага Нурланбек Шакиев ага уруксат берген жок.

«Сиз ушул жерде туруп эле жооп бере бериңиз. Мындан кийин баяндамачылар трибунадан жооп бергенди үйрөнгүлө жана ошого өткүлө. Отуруп алган анча жарашпаган көрүнүш да. Мурдагы парламентте билесиздер, премьер-министр баш болуп туруп алып жооп беришчү. Сиздер дароо отуруп алайын дейсиңер. 5 мүнөттө силердин бутуңар уюп кетет», — деди ал.