Спикер Нурланбек Шакиев «Жогорку Кеңеш тарайт» деген сөздү четке какты

Спикер Нурланбек Шакиев «парламент тарайт» деген сөздү четке какты.

«Акыркы күндөрү айрым ушак айткандар «өлкөдө өзгөрүүлөр болот экен, парламент тарайт экен, саны кыскарат экен» дегендер болуп жатат. Баары суу кечпеген сөздөр. Алдыда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот. Аны татыктуу, таза өткөрүшүбүз керек”, — деди Шакиев.