Спикер Шакиев: «Жумушка себепсиз келбеген депутаттардын айлыгы кыркылат»

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Шакиев тартипти көзөмөлдөө керектигин айтып, катталып коюп же эч себепсиз жумушка келбеген депутаттардын айлыгынан кармаларын айтты.

«Мен маалымат иретинде айтып коёюн. Ушул жумадан баштап тартип жөнгө салынат. Катталып коюп, ишке келбеген, жүйөлүү себеби жок ишке келбей койгон депутаттардын баарынын эмгек акысынан кармайбыз, кыркабыз», — деди ал.