Спикер: «Парламент жакында курултайдын макамына байланышкан мыйзам долбоорун карайт»

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарында Элдик курултайда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламент жакынкы аралыкта Конституцияга ылайык курултайдын макамына байланышкан мыйзам долбоорун карай тургандыгын эске салды.

“Парламентибиз мамлекетибиз үчүн маанилүү маселелелер талкууланган башкы аянтча катары кызмат кылып келет. Албетте Жогорку Кеңештин ишине карата түрдүү сындар айтылат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок элибиздин биримдигине, журтубуздун бүтүндүгүнө багытталган демилгелерди колдоп, керектүү мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Алардын санына эмес, сапатына көңүл буруп, келечек үчүн керектүүсүнө басым жасоо башкы максатыбыз. Жакында эле чек ара маселесине тиешелүү чечимдерди айтылган сындарга, каралоолорго карабай колдоп бердик. Бирок кабыл алынган чечим бүгүнкү күн үчүн эле эмес, эртеңки келечек үчүн маанилүү экени анык”, – деди төрага.

Муну менен катар мамлекеттик тил маселесине да көңүл буруу керектигин айткан Нурланбек Шакиев: “Сөздөн ишке өтчү мезгил келди. Ар бир кыргыз жараны кыргыз тилин билиши керек”, – деди.