«Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү жана өндүрүү маселеси талкууланды (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Анда тараптар өз ара кызыкчылыкты туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Өзгөчө басым Баткен облусунда 28-30-апрелде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуялардын натыйжасында жабыркаган чектеш айылдарды өнүктүрүү жана калыбына келтирүү, анын ичинде орусиялык тараптын социалдык объектилерди куруу жана калыбына келтирүү ишине көмөк көрсөтүү маселесине жасалды. Өз кезегинде Николай Удовиченко белгилегендей, Орусия стратегиялык өнөктөш катары кыргыз тарапка колдоо көрсөтүүгө даяр, Баткен облусундагы курулуучу социалдык объектилердин тизмеси тийиштүү органдардын кароосуна жөнөтүлгөн жана аталган маселе боюнча оңдуу чечим кабыл алынаарына ишеним билдирди.

Пикир алышуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле республикага «Спутник V» вакцинасынын кезектеги партиясын жеткирүү жана аны республика аймагында өндүрүүнү уюштуруу маселесин талкуулады. Айбек Жунушалиев пандемия шартында калктын кеңири бөлүгүн орусиялык өндүрүштөгү вакцина менен камсыздоого көмөк көрсөтүүсүн улантаарына ишеним билдирди.