Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин (ТМКК) Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылышында Кыргызстандын туусун көтөрүү аземине катышты.
Салтанаттуу иш-чара Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев, Венгрия премьер-министри Виктор Орбан жана ТМКК Башкы катчысы Багдад Амреевдин катышуусунда өттү.
Мамлекет башчылары бир учурда өздөрүнүн улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин ТМКК Катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында тасма кесишти. Биргелешип сүрөткө түшкөн соң, Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери бейформал жагдайда баарлашуу үчүн ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын имаратына киришти.