Судьялар кеңеши Жогорку Соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштады

Судьялар кеңеши Жогорку Соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин бир добуштан сунуштады. Бул тууралуу Судьялар кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.

22-октябрда Судьялар кеңешинин жыйынында Жогорку Соттун төрагасы кызматына Сатыев Медербек Асанбековичтин талапкерлиги каралды. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү талапкерлигин бир добуштан колдошту.