Судьялар кыргыз тилин билиши керек жана туугандары соттолгон болбош керек. Мыйзам талкууга коюлду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев тарабынан Конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Эл өкүлү соттордун бардык инстанцияларындагы судьялары кызматка киришерден мурда мамлекеттик тилди билгендиги жөнүндө тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан берилген сертификат талап кылуу сунушталууда.

«Бул маселе биринчиден жакында кабыл алынган мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын аткарылышына, экинчиден, жергиликтүү соттордун судьяларынын сот процессин алып барууда ар бир жарандын конституциялык укуктарын сактоого өбөлгө түзөт. Элет жериндеги жарандарыбыздын дээрлик көпчүлүгүнө расмий тил жеткиликтүү болбой, сот процессин расмий тилде алып барган судьяларга нараазычылык билдирген учурлар болгон. Дагы бир сунушталып жаткан толуктоо — судьялардын соттуулугу жөнүндө тактама берүү талап коюлууда. Мыйзамда көрсөтүлүүгө тийиш болгон ченемдерди киргизүү менен бирге жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп мыйзамдуу тартипте таанылган же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор болсо судьялыкка талапкер боло албайт деген ченем сунуштап жатат», — деп айтылат маалыматта.