Сулайманов: «Казакстандын көтөрүлүп чыккан бүт эли террористпи?» деген суроо биз тараптан берилдиби?»

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү маселеси каралды. Анда депутат Алтынбек Сулайманов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге бир катар суроолорду берди.

Сулайманов: — Бизде 3 жолу революция дейбизби, төңкөрүш дейбизби, элдик толкундоо дейбизби, ушундай окуялар болгон. Ошол окуяларда биздин президенттер ЖККУга кайрылганбы?
Ташиев: — Кайрылышкан эмес. 2010-жылы гана Ошто болгон коогалаңда Убактылуу өкмөт кайрылган деген маалымат бар. Ачык айтканда ал маалымат деле такталган жок. 2005-жылы жана 2020-жылдагы элибиздин каалоосу менен болгон маселелерде ЖККУга кайрылуу болгон эмес.
Сулайманов: — Бүгүнкү парламент жана мына сиздер дагы кечээги революциянын түшүмүбүз. Эгерде кайрылган болсо, ошол маалда террорист деп жарыяласа, биз дагы ошондой абалга кабылып калышыбыз мүмкүн эле.
Ташиев: — Ооба, мүмкүн болчу.
Сулайманов: — Бул жерде биз келишимдерди аткарышыбыз керек. Милдеттүүбүз. Мен дагы каршы добуш бере албашым мүмкүн, колдойм. Террорист деген түшүнүктү алар далилдеп, анан ЖККУга кайрылышы керек эле. Сиздер тараптан ошондой суроо болдубу? Террорист болсо кайсы уюм, Казакстандын көтөрүлүп чыккан бүт эли террористпи?
Ташиев: — Казакстандын бийлиги далилдеп бериши керек. Биз эч качан казак элин террорист деп эсептеген эмеспиз. Бирок ошолордун арасында кыйратуучу күчтөр бар, алардын террористтик аракеттерди кылып жатканы анык. Мамлекеттик мекемелер өрттөлүп, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери каза болду.