Сулайманов: «Чыдам бүттү. Ноокаттагы жолду бүтүргүлө деп, эл трассага жатып алсынбы?»

«Чыдам бүттү. Ноокаттагы жолду бүтүргүлө деп, эл трассага жатып алсынбы?». Бул тууралуу кечээ, 26-январда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов суроо салды.

«2014-жылдан баштап мына 8 жыл өттү. Ушул аралыкта түрдүү жооп алып келе жатабыз. Бишкектин борборунда кандай жол тыгыны болсо, Ноокатта деле ошондой жол тыгыны. Бул чоң трасса. Ноокат ошол трассадагы тромб сыяктуу болуп калган. 30-40 мүнөттүк жолдон турган Ноокаттан өтүш үчүн азыр төрт саатта да өтүп бүтпөйсүң. Эмне кылыш керек эми? Тендер жарым жылдай убакыт алса, анан курулушка дагы үч жыл, баш аягы төрт жыл күтүш керекпи? Элдин чыдамы бүттү. Митингге чыгып жатат, башкасын деле кылууда. Жолго чыгып, баары тизилип алып, жатыш керекпи?» — деди депутат.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Таабалды Тиллаевдин айтымында, 47 чакырымдык жолду бат бүтүрүүгө бардык күчтөр жумшалат.

Буга чейин Ноокатта жергиликтүү тургундар жолдун начардыгына нааразы болушуп, акция өткөрүшкөн.