Ошондо кимиси калпычы? Бабановбу же Сулаймановбу? Ушул аптада Өмүрбек Бабанов “Азаттыкка” маек берип, анда 5-октябрдагы митингден кийин бир канча партиянын өкүлдөрү “өкмөт башчы болуп бериңиз” деп кайрылышканын айткан. “Алтынбек Сулайманов жардамчысын үйүмө жөнөтүп, мени “Жаннат” отелине чакырышкан. Ал жерден менин талапкерлигим көрсөтүлгөн” деген Бабанов.
Сулаймановдун айтымында, Бабанов өкмөт башчылыкка өзүн өзү сунуштаган. “Бабанов аман эле болсун. Иш жакшы болуп кетсе, анда ал бирөөнүн ийгилигин өзүнө ыйгарып алганды жакшы көрөт. Иш жаман жагына кетсе, четке чыгып кетет. Талапкерлигин өзү сунуштаган. Өлкөнү кризистен алып чыгып кете алам деп чуркап жүргөн”, — деди Алтынбек Сулайманов. Ошондой эле 9-октябрдагы митингге мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да катышарын координациялык кеңештин бардык мүчөлөрү билген деген Бабановдун сөзүн дагы Сулайманов калп деди. “Бабановдун Атамбаевге барарын билген эмеспиз. Ал бизге бул тууралуу айткан да эмес”, — деди Сулайманов.