Садыр Жапаров Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар жүрүп жатканын жүйө кылып, коомдук комиссия түзүлгөнүн айтты. «Учактын кулашына ким күнөөлүү, жүк кимге таандык болгон жана жабыр тарткандарга чогултулган акчалар кандай бөлүштүрүлгөн?» деген суроолор жоопсуз калууда дейт ал. Мындан улам биз депутаттарга «Бул иш эмнеси менен сырдуу жана сиз кандай суроого жооп алгыңыз келет?» деген суроо менен кайрылдык.
Депутат Султанбай Айжигитовдун айтымында, бул иште сыр деле жок. «Жөн гана бул иш аягына чыккан эмес. Садыр Жапаров ошондой комиссияны түзгөн болсо, карап туралы, жыйынтыгы чыгар. Бирок бул түшүнүксүз эле болуп калды. Акырына чыккан жок. Эми комиссиянын ишин көрөлү. Эми ал жерде суроолорго бардык жооптор айтылып бүттү да. Ким бул жерде күнөөлүү болуп жатат? Ал эмне болгон жүк? Кимдин жүгү? Иши кылып түшүнүксүз нерселер көп да. Ошол так айтылган жок да. Муну тактап коюш керек», — деди ал.