Султанбеков Зулушевге: «Жээнбеков жоопко тартылышы керек»

“Социал-демократтар” партиясынын лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков Башкы прокурор Курманкул Зулушевден Жогорку Кеңештин депутаты жана экс-президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүндү.

Ал видео кайрылуусунда бир жарым жыл мурда берген арызында жазылган фактылар боюнча кайрадан кайрылуу жөнөткөнүн билдирди. Анда ал Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууну сураган эле.

“Арыз адилеттүү каралат деп үмүт кылам. Ал канчалык калыс болорун көрөлү”, — деген Темирлан Султанбеков.