SUPERTV билдирет: «Анонс сайттан алынган эмес, Текебаевдин маегинин кийинки бөлүгү жакында чыгат»

Кечээ, 13-январда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берип, ал интервью чыкканга чейин анын кыска анонсу сайтка жарыяланган.

SUPERTV каналы ал анонстун сайттан өчүрүлбөгөнүн билдирет жана ушул шилтемени басып өтүп аны көрө аласыз. Анонстун мазмунуна келсек, маектин көлөмү 2 сааттан ашык болгонуна байланыштуу 1 сааттык эфирге сыйбагандыктан бул бөлүгү кирбей калганын маалым кылабыз. Кийинки бөлүгү жакында жарыяланат.