Сурабалдиева казынаны аяп, Түркияга бара жаткан 3 аткаминерди жөнөтпөй койду

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева казынанын акчасын аяп, Түркияга бара жаткан 3 аткаминерди жөнөтпөй койду. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Түркияга Бүт дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча жолугушууга 5 адамдан турган делегация жөнөп жаткан экен. Анын ичинен экөө кабыл алган тараптын эсебинен, калган үчөө мамлекеттик бюджеттин эсебинен барышмак. Кабыл алган тарап төлөчү экөө калды. Алар тема боюнча иштеген эки аткаминер. Үчөөнө бул жактагы маселелер деле жетиштүү. Бюджеттик каражатты үнөмдөө «тыйындан» башталат», — деп жазган Сурабалдиева.