Суракматов, Сариев, Жакупова… Элдик демократиялык партиянын курултайына дагы кимдер келди?

Бүгүн, 25-февраль күнү Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышарын, партиянын өкүлдөрү съездин өткөрүп жатып жарыялашты.

Партиянын съездине Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов, юрист Чолпон Жакупова, экс-премьер Темир Сариев, ишкер Данияр Аманалиев жана башка белгилүү адамдар катышты. Ошондой эле бул партиянын курамында делип учурдагы Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Сайдахмат Исмаилов менен Кубанычбек Конгантиев, аны менен катар мурунку вице-мэрлер Виктория Мозгачева, Уланбек Азгалиев келишти. Ал эми партиянын лидери, генерал-майор Артур Медетбеков съездде: «Бишкек шаарынын тургундары борбор калаада жоопкерчиликтүү жана эффективдүү бийликти орнотуу үчүн мыйзамдуу жол менен күрөшөбүз деп Кыргызстандын Элдик-Демократиялык партиясынын туусунун алдына бириктик. Өткөндүн бай мурасын сактап, Кыргызстандын борборуна өнүгүү үчүн жаңы импульс берүү — биз үчүн, бишкектиктердин жаңы мууну үчүн абдан маанилүү”, — деп сүйлөгөн.

Азырынча апрель айында боло турган Бишкек шаардык кеңешине депутаттык шайлоого аталган партиянын атынан катышчу талапкерлердин тизмеси так айтыла элек.

Борбор калаанын экс-мэри Азиз Суракматов шайлоого өзү катышпай турганын, анын ордуна кеңешчиси Гуля Алмамбетова катышарын билдирген. Ошондой эле Суракматов мурунку вице-мэрлер Виктория Мозгачева менен Уланбек Азгалиев талапкерлигин коюушарын айткан.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.