«Суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын». Садыр Жапаров «сууну сатып жатышат» дегендерге жооп берди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, өлкөдөгү электр энергия боюнча маалымат берди.

— Энергетика министрлиги быйыл «Токтогул» ГЭСинде суунун топтолуусу төмөн экенин, электр энергияны үнөмдүү колдонбосок, кооптуу чекке түшүп кетүү коркунучун билдирди. Мындай маалымат чыкканда эле, “сууну сатып жатышат” деген сөздөр тарачу эле. Чыныгы себеби эмнеден улам?

— Биринчиден, «Токтогул» суу сактагычынан суу сатыш мүмкүн эмес. Бул сөз жөн гана түшүнүгү жок же популист адамдардын энергетиктерге жапкан жалаасы деп ойлойм. Ал жерде онлайн камералар орнотулган. Баары түз көзөмөлдө турат.

Экинчиден, ким суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын демекчимин. Эгер жолун таап саткан болсо, андай кызматкерлер жазасыз калбайт. Өтө катуу жазасын алат.