«Сууга келишим түзүңүз. Суунун алдындагы жерге тийбеңиз». Депутат президентке кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып, Кемпир-Абаддын айланасында 50 жылдан кийин кандай маселе жараларын алдын ала ойлонуу керектигин айтты.

«Кудайга шүгүр, мен бийликке жан талашып, бийликке барайын деген оюм жок. Же азыркы бийликке каршылык көрсөтөйүн деген деле оюм жок. Мен өзүмдүн ишимди так аткарып келе жатам. Биз өзүбүздүн жерди коргоп жатабыз. Садыр Жапаровго ушул жерден да кайрылат элем. «Сууга келишим түзүңүз. Суунун алдындагы жерге тийбеңиз. Сууну эки эсе көп алса дагы макул бололу, бирок жерди бергенге макул болбош керек. Элдин үнүн дагы угуңуз», — деди ал.