Свердлов районуна жаңы аким дайындалды

Адиев Капарбек Абдужалалович борбор калаанын Свердлов районунун акими болуп дайындалды. Мэр Айбек Жунушалиев жаңы акимге районду өнүктүрүүгө багытталган бир катар милдеттерди койду. Айрыкча, базарларга, тротуарларды курууга жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды. Бул тууралу мэриядан кабарлашты.

Ал буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушталган кадрлардын региондук резервинде турат.

Кубанычбек Айтакунов ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри кол койду.